Чолпон-Ата шаарындагы бардык мечиттер, намазканалар дезинфекциялоодон өтүүдө

Учурда кооптонууну жаратып жаткан коронавирус илдетин  алдын-алуу максатында, бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаардык хатибияты санэпидемиологиялык борбору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, шаар ичиндеги мечитттерде, намазканаларда дезинфекциялоо иши кызуу жүргүзүлүүдө.

Бул туурасында “Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.)” атындагы борбордук мечитинин имамы Абыл Асанов билдирди.

Бүгүнкү күндө күчөтүлгөн тартипте илдеттен коргонуу жолдору туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүлүп, мечит, намазканалардын ичин, сыртын, айланасын, дааратканаларын дезинфекциялоо иштери жүрүүдө”,- деди ал.

Мындан тышкары, жаз мезгилине карата ишембиликтер тынымсыз өтүп, мечиттерди сырдап- тазалоо, иреттөө, гүл жана бак көчөттөрү отургузулуп, көрктөндүрүү иштери дагы жүргүзүлүүдө.