Ат-Башы районунун Бирлик айылынын мечит жамааты жергиликтүү элге жардам берди

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылынын мечит жамааты айылдагы 26 муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук хатибияттан билдиришти.

Маалым болгондой, Бирлик айылынын мечит жамааты 26 муктаж үй-бүлөлөргө ар бирине 500 сомдон болгон азыктар таратылды. Мындан тышкары түлөө өткөрүшүп, анда эл чогулбастан союлган малдын ээлери этти өздөрү союп, жергиликтүү тургундарга таратылып берилди.

Ошондой эле, айылдын тургундары болгон Иса атанын баладары Каныбек жана Азим айылдагы муктаж адамдарга 50 мүшөк ун, 50 даана 2 литр суу майы жана 2кг 50 даана макарон таратылып берилген.

«Айылдын 4 карыкеси баш болгон жана илим алган айыл жаштары карантин башталган күндөн баштап 7 жолу хатым болуп жалпы журтка дуа кылынып жатты. Бул жышаан дагы да уланууда. Айылыбыздын аялдары жана жаштары биригип айыл элине маска тигип таратышты»,- деп билдиришти хатибияттан.