Ивановка айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө 58 миң сомдук жардам көрсөтүлдү


Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулуп, айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк менен жардам берилди.

Аталган иш-чара Ивановка айылындагы «Аль-Бухарий» мечитинин жааматы тарабынан уюштурулуп, аталган мечиттин жаааматы өздөрү каражат топтошкон.

Иш-чара алкагында 58 миң сом топтолуп, ага күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр алынган. Азык-түлүк айылдагы муктаж болгон үй-бүлөлөр, кары-картаң жан майыптарга, жалпысынан 50 үй-бүлөгө тапшырылды.

Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков сооп амалдарын көбөйтүүгө чакырып, мекендештерди кайрымдуу болууга үндөдү.

«Кудайга шүгүр! Райондогу мечиттердин көпчүлүгү демилге көтөрүп, кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп жатышат. Өзүбүзгө каалаган нерсени, өзгөгө кааламайынча толук ыймандуу боло албайбыз. Колубуздан келишинче кайрымдуу болуп, биримдик-ынтымак менен учурдагы кырдаалдан чыгалы. Ырыскы мол болсун десек, эң биринчи ынтымак керек», — Бактыбек ажы Убабеков.

Эске сала кетсек, башыбызга оор сыноо түшкүндөн тарта бүгүнкү күнгө чейин Чүй аймагындагы мечит жааматынын демилгелери менен, муктаж үй-бүлөлөргө 594 миң сомдук азык-түлүк жардам жана 100 мүшөк ун таратылды.