Магомед Хабибулла ажынын дүйнө салганына байланыштуу Талас облустук мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы көңүл айтат

Кыргызстандын аалымы Магомед Хабибулла устаздын дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу Талас облустук мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы жана жалпы казыят кызматкерлери көңүл айтат.

Талас облустук мусулмандар казысы Бапиев Таалайбек ажы, анын орун басарлары жана жалпы казыят кызматкерлери дин аалымы Магомед Хабибулла устаздын дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу терең кайгыруу  менен анын үй-бүлөсүнө көңүл айтат. Магомед Хабибулла устаз чындыгында да Кыргызстанда диндин өнүгүүсүнө зор салым кошконун жакшы билебиз. Учурунда КМДБ да, Аалымдар Кеңешинде кызмат кылды. Эң негизгиси көптөгөн шакирттерди окуткан. Анын арасында Талас облусунан чыккан дин кызматкерлери анын колунда илим окуп, шакирт болушкан. Адам бул дүйнөдөн өткөндө артынан из калтыруу эң чоң бакыт эмеспи. Устазыбыз да артынан сооп жетип туруучу бир топ иштерди калтырып кетти. Аллах Таала өз рахматына алып, жайын жаннатта кылсын. Амиин.