Манас районуна 50 муктаж үй – бүлөгө азык – түлүк жеткирилип берилди

Талас облусунун Манас райондук  хатибиятына Бишкек шаарынан «Садака жария» кайрымдуулук уюмунан 50 муктаж үй – бүлөгө  азык – түлүк таратты.

 Анын ичинде 10 кг ун, 5 л май, 5 кг макарон, 5 кг кум шекер, 5 кг күрүч болуп, жалпы 30 кг айланган 1500 сомдук  жардам айыл имамдары аркылуу  муктаждарга таратылып берилди.

Бардыгы болуп 75 000 сом сарпталып, 50 баштыктын 20 сы Май айылына, 30у Үч – Коргон  айыл өкмөтүндөгү колу жука үй-бүлөгө берилди.

«Ушул сооп ишке кошумча кылган чыгаан жигиттерибизге, ортодо бизди байланыштырып турган Ибрайимов  Израйилге,машина таап Таластан районго жеткирүүдө кошкон салымы үчүн Молдоналиев Тургуналы ажыкебизге кызмат кылган имамдарыбызга Аллахым ыраазы болсун. Кайрымдуу жандарды Жаратканым өзү колдоп тапкандарына, өмүрлөрүнө, үй-бүлөлөрүнө береке берсин. Баштары балээден сак болсун», — деди Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев.