Кызыл-Кыя шаарында ар бир имам өзү жашаган аймактагы муктаж 5 үй-бүлөгө азык түлүк таратууда

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында учурдагы оор кырдаалга байланыштуу муктаж үй-бүлөргө көмөк көрсөтүү үчүн шаардагы ар бир имам өзү жашаган аймактагы муктаж 5 үй-бүлөгө кайрымдуулук көрсөтүү ишин колго алышты.

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязовдун айтымында, имамдарыбыз муктаждарга күнүмдүк турмуш тиричиликке зарыл азык түлүктү таратууда.

Биз жараткан Аллах Тааланын жардамы менен буйруса бири-бирибизге көмөк көрсөтүү менен бул илеттен арылабыз”,-деди Мукадас ажы.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында коронавирус илдети менен 2 жаран жабыркап, учурда дарыланууда.