Баткен райондук хатибияты аймактагы блокпостто турган кызматкерлерге ысык тамак уюштурду

Кечээ, 14-апрелде Баткен райондук хатбияты тарабынан Баткен шаарынын Чек, Кызыл- Бел, Төрт-Гүл, Бужум  айылдарында учурдагы коронавирус илдеттин алдын алуу максатында блокпосттордо турган кызматкерлерге ысык тамак уюштурду.

Жолугушууда Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов оор кырдалда эл үчүн өз кызматтык милдеттин аткарып жаткан кызматкерлердин ал абалы менен жакындан таанышты.

«Күнү-түнү кызматын аткарып жаткан кызматкерлерге ыраазычылыгыбызды билдирип келдик. Аларга бул күндөр да өтүп, жайчылык турмушка кайтаарыбызды айтып, элибизде аманчылык, бейпилчилик болуусун Жараткандан тилеп, бата кылдык”,- деди Муса ажы.