Нарын казыяты кайрымдуу жарандардын колдоосу менен 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөттү (фото)

Нарын облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен кайрымдуу мекендештердин колдоосунун алкагында Нарын облусунун аймагындагы 600 аз камсыз болгон, муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратты.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Нарын казыяты тарабынан Нарын облусунун аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча атайын эсеп ачылган эле. Топтолгон каражаттан жана Нарын казыятынын өздүк салымынын эсебинен тизмеде турган, жакыр үй-бүлөлөрдүн ар бирине 2300 сомдон турган 25 килограммдык ун, эт, май, чай жана башка күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк баштыктары таркатылып берилди.

«Кимде ким садака кылган болсо келе турган балээлерден сак болот» деп хадисте айтылгандай, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев демөөрчү болуп, жардам көрсөткөн кайрымдуу адамдарга ыраазычылыгын билдирди.

«Ушундай оор, кыйын кырдаалда бири-бирибизди колдообуз абдан маанилүү. Мындан он күн мурун кайрымдуу байке, эжелерден Нарын облусунун аймагында жардам берүү боюнча кайрылдык эле. Кудайга шүгүр берешен адамдарыбыздынт уучу куру эмес экен. Он күн аралыгында 600гө чукул жардам берүү баштыктары даярдалды. Жардам көрсөткөн адамдардын арасында жаш балдар, жеке ишкерлер, чет өлкөдө иштеген эмгектенип жаткан жарандар мекендештерге ыраазычылык билдиребиз» ,- Мамбетасан ажы Ибраев.

Жардам баштыктары Нарын шаарындагы жана Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунун хатиябаттарына тизмеде турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берүү үчүн таркатылып жиберилди.