Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин онлайн жыйыны өтүп, маанилүү маселелер каралды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши өзүнүн жобосуна ылайык ар түрдүү диний маселелерди чечүү, руханий-диний маданиятты өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоо жана фатваларды чыгаруу үчүн бир жылда төрт жолу жалпы жыйын өткөрүп келет. Бул ирет касиеттүү Рамазан айын утурлай мерчемделген жыйын өлкөбүздөгү өзгөчө абалга жараша онлайн түрүндө өткөрүлдү.

Жыйынга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев төрагалык кылып, күн тартибинде бир нече маанилүү маселелер каралды жана орозого байланыштуу фатвалар чыгарылып, чечимдер кабыл алынды. Муну менен катар учурдагы кырдаалга жана өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал жарыяланганына байланыштуу дин кызматкерлери вирустун жайылып кетпөөсүн алдын алуу максатында мамлекеттик органдарга, өкмөткө, жергиликтүү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөктөшүүгө басым жасалды.

Атап айтсак, Муфтиятка караштуу диний окуу жайлардын окуу планын үзгүлтүккө учуратпастан аралыктан (дистанттык) окутуунун багыттары аныкталды. Андан сырткары фитр-садаканын, зекеттин жана үшүрдүн өлчөмдөрү тууралуу Аалымдар Кеңешинин фатвасынын долбоору бекитилди.

Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин чечимине ылайык, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан даярдалган үгүт-насааттар жана кайрылуулар Касиеттүү рамазан айында соц тармактар аркылуу жандандырылып, элибиз суусап турган маселелер боюнча жетик маалымат берүү жана ММКлар менен тыгыз иштешүү колго алынмакчы. Чет өлкөдө дин жаатында окуп жүргөн студенттер менен байланышуу жана аларга моралдык колдоо көрсөтүү боюнча КМДБнын окуу бөлүмүнө тапшырма берилди.

Жыйын соңунда Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү элибизге ыймандуулук, бейпилдик, саламатчылык, токчулук жана ынтыма-ырашкерлик тилеп дуба кылышты.