Борбор Азия өлкөлөрүнүн жооптуу диний жетекчилери Рамазан айын утурлай онлайн жыйын өткөрүштү

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Кадырбердиев Абибилла ажынын демилгеси менен 13-апрель күнү Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан республикаларынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн жана Диний Башкармалыктардын тийиштүү бөлүм башчыларынын катышуусунда онлайн жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын Фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Равшан ажы Эратов, Казакстандан Уламалар Кеңешинин мүчөсү Сансызбай Шоканов баштаган Диний Башкармалыктын бөлүм башчылары, Өзбекстандан Диний Башкармалыгынын төрагасынын (муфтийдин) орун басары Хомиджон Ишматбеков баштаган дин кызматкерлери катышышты.

Күн тартибинде орозонун башталуусу жана Орозо Айттын болжолдуу датасы, зекет жана фитр-садаканын өлчөмдөрү боюнча маселелер каралып, бирдиктүү болууга чечим кылышты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн Дин Аалымдары кандаш, тектеш элдердин өкүлдөрү катары дин жаатындагы жана башка маселелерде тыгыз кызматташтыкты жүргүзүү жана дайыма байланышта болуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.