Жумгал айылындагы жаштар жана мечит жамааты кайрымдуулук жардамын көрсөттү

Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылындагы жаштар уюму жана айылдагы мечиттин жамааты өз айылына учурдагы кырдаалга байланыштуу жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Жумгал айылынын имамы Кутман Мусалы уулу билдирди.

Анын билдиргенине караганда, үстүбүздөгү жылдын 10- апрель күнү Жумгал районунун Жумгал айылындагы Жаштар уюму жана Мечит жамаатынын демилгеси менен «Кайрымдуулук мусулмандын сыпаты » аттуу кайрымдуулук иш чара уюштурушту.

Анда аз камсыз болгон 13 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таркатылып берилген. Ошондой эле муну менен токтоп калбастан кайрымдуулук иштерин улантуу максатында экинчи айлампада каражат топтоолууда.

«Бул кылынып жаткан кайрымдуулук ишине замандаштарыбыз кайдыгер карабастан колунан келген жардамдарын берип жатышат. Кайрымдуулук кылгандардын арасында жеке эле акча менен эмес ун, май, картошка менен жардам колун сунушкан кайдыгер эмес жарандар дагы болду. Жалпы кайрымдуулук кылган замандаштарыма терең ыраазычылык билдирем. Жаратканым иштерине ийгилик берсин. Элибиздин башына келген ушул кыйын кырдаалдан жеңил чыгууга насип кылсын»,- деди Жумгал айылынын имамы Кутман Мусалы уулу.