Кочкорбаев айыл аймагындагы муктаж үй-бүлөлөргө 210 миң сомдук азык-түлүк берилди


Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Кочкорбаев айыл аймагынын Кеңеш, Буденовка жана Д. Курманалиев айылдарында жашаган муктаж үй-бүлөлөргө, күнүмдүк азык-түлүк жагынан жардам берилди.

Аталган иш-чара Кеңеш айылынын мечит жааматынын демилгеси менен уюштурулуп, ага мечит жааматынан мекендешибиз 210 миң сомун кайрымдуулукка жумшаган.

Чогулган каражатка күнүмдүк азык-түлүктөр (ун, суу май, шекер, чай ж.б) алынып, жогоруда аталган 3 айылдагы өтө муктаж болгон 105 үй-бүлөгө таратылды.

Бул соопту иш-чараны уюштуруп, чыныгы муктаждарды аныктап жана азык-түлүктү тапшырганга айыл имамдары жана айыл өкмөт кызматкерлери көмөк көрсөтүштү.

«Мамлекетибизде өзгөчө абал режими узартылганына байланыштуу, күнүмдүк азык-түлүккө муктаж болгон үй-бүлөлөр пайда болууда. Көп түкүрсө көл болот демекчи, Чүй аймагындагы диний кызматкерлерге тапшырма берилип, казыят жана хатибияттардын көзөмөлү менен жер-жерлерде кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулууда. Аз да болсо арекет кыла берсек, кайрымдулук кылуу менен Аллах Таалам башыбызга түшкөн балээден куткарат», — деди Чүй казыятынын катчысы Бактияр Азим.