Чалдовар айылында бир бодо мал союлуп, эти муктаж үй-бүлөлөргө таратылды


Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Чалдовар айылында бир бодо мал союлуп, эти айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө таратылды.
Бул кайрымдуулук иш-чара айылдагы эле мекендешибиз тараптан каржыланып, союлган малдын эти мамлекетибиздеги өзгөчө абал режиминде иштей албай, муктаж болуп турган 55 үй-бүлөгө таратылды.

Уюштуруу жана таратуу иш-чарасына айыл имамы Бахтияр Гупуров катышып, кайрымдуулук кылган эжебизге ак батасын берди.

«Садака – балээни кайтарат, өмүрдү узартат. Элибиздин башына балээ түшүп турган кезде, аны биримдик, кайрымдуулук менен гана жеңе алабыз. Ушундай оор учурда айылдаштарын ойлогон эжебизден Кудай Таалам ыраазы болуп, тилеген тилектерин орундаткан болсун», — деди айыл имамы Бахтияр Гупуров.