Кара – Буура районуна караштуу Уч — Булак айылында 33 муктаж үй – бүлөлөргө эт таратылды

Кечээ, 15-апрелде Талас облусунун Кара – Буура районуна караштуу Уч — Булак айылында бодо мал союлуп, эти айылдагы муктаж адамдарга таратылды.

Мындай сооптуу иш Кара – Буура айылынын тургуну Жуматай ажынын демөөрчүлүгү менен 52000 сомго алынып, баш имам хатиб Майрамбек Казакбаев менен биргеликте тизмеде турган  33 муктаж үй – бүлөлөргө  6-7 кг таратышты.

“ Учурдагы кырдалга карата бири-бирибизге көмөктөшүп, бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарып туралы. Буйруса кыргыз элим мындан да чоң сыноолорду жеңип келген муну да жеңет деп ишенем”, — деди баш имам хатиб Майрамбек Казакбаев.