Манас районунун Покровка айылынын жаштары 10 муктаж үй – бүлөнү азык – түлүк менен камсыз кылышты

Талас облусуна караштуу Манас районундагы Покровка айылынын имамы Жаныбек Акбаевдин демилгеси менен кайрымдуулук иш-чарасы өттү.

Аталган иш-чара Покровка айылындагы 1994-жылы төрөлгөн жигиттердин тарабынан уюштурулуп, топтолгон 17800 сомго күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр алынып,  10 муктаж үй-бүлөлөргө берилди. Анын ичинен Пакровка айылына 5, Жайылган айылына 1, Талас айылына 4 үй-бүлөлөргө таратылды.

«Азыркы учурда Мамлекеттибиз кыйын кырдаалда турганда ар кимибиз өз көмөчүбүзгө кол тартпай биргелешип колдон келген аракетти жасайлы. Тажы вирусун биримдик, ынтымак жана тартип менен жеңели”, —  деди айылынын имамы Жаныбек Акбаев