«Бир билек — бир тилек»: Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы 4 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратат

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын «Бир билек — бир тилек» аттуу кайрымдуулук долбоору старт алды. КРнын аймагында жарыяланган өзгөчө кырдаалга байланыштуу жумушсуз калган, тамак-аштан кыйналган, өзгөчө социалдык коргоого муктаж жарандарга азык-түлүк таратылууда. Республикалык штабдын сунушу жана Бишкек шаардык мэриясы берген тизме боюнча таркатылып жатат.

Долбоордун алгачкы күнү КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана БДЖАсынын Кыргызстандагы президенти Мухаммад Мадинин катышуусунда Калыс-Ордо конушунун тургундарына берилди.

Ошондой эле Мурас-Ордо конушу, Октябрь районундагы №6-, 8-, 9-, 10-, 11- МАБ (муниципалдык аймактык башкармалыгы) аймагында жашаган муктаж жарандарга берилди. Жалпысынан Бишкек шаарында жашаган 2000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.

Ар бир берилип жаткан тамак-аш кутусу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда, алар тузгөн тизме боюнча тапшырылып, ассамблеянын волонтерлорунун көзөмөлүндө берилип жатат. Эгерде кандайдыр бир туура эмес дарекке бериле турган жагдай байкалса, ошол жерден артка кайтарылып, башка чыныгы муктаж жаранга берилүүдө.

Буга кошумча Ассамблеянын атынан жалпысынан дагы 4 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылат. Жакынкы күндөрү республиканын башка аймактарына дагы бериле баштайт.