Ат-Башынын Өзгөрүш айылында мечит жамааты 10 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында мечит жамааты айылдагы аз камсыз, муктаж үй-бүлөлөргө жардам баштарын таркатып беришти. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров билдирди.

Анын билдиргенине караганда, бүгүн, 16- апрель күнү Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында жергиликтүү жамааттын демилгеси менен Аллахдын ыраазычылыгы үчүн жардамга муктаж адамдарга азык-түлүк үчүн 15000 миң сом чогултуп, 10 муктаж үй-бүлөгө жардам баштыктары даярдалып таратылды.

«Аллахым жардам берип ушул кырдардан чыгып кетелик деген максатта тургундар менен дуба кылдык. Аллах бул илдеттен эртерээк кутулуп, элибизге тынчтык, ынтымак ырыскысын берсин»,- дели Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров.