Ат-Башыдагы Баш-Кайыңды айылындагы 21 үй-бүлөнүн ар бирине 2000 сомдук азык-түлүк берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам баштыкчалары берилди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 16- апрелде Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында азыркы кырдалга байланыштуу элге жардам көрсөтүү максатында айылдагы колуңда тургундар менен биргеликте мечит жамааты 49 000 миң сом чогултушуп, мечиттин имамы менен биргеликте айылдын муктаж 21 үй-бүлөлөргө ун, май, сахар, күрүч салынган баштыкчанын ар бирине 2000 сом сарпталып, жардам көрсөтүлдү.

«Азыркы кыйын кырдаалда бири-бирибизди колдообуз абдан зарыл. Айылдын имамы, мечит жамааты кайрымдуу тургундар менен жардам баштыктарын таркатып беришти. Мындан тышкары учурдагы кырдаалга байланыштуу карантинди бекем сактап, бул абалдан эртерээк чыгуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү»,- деди Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров.