Ыйык Рамазан айы ушул жылдын 24-апрелинде башталат

Кыргызстан Мусулмандарынын  Дин Башкармалыгы жаңы айдын башталуусу тууралуу Орто-Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана ошондой эле коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн Дин Башкармалыктары менен кеңешип, орозонун биринчи күнү аныкталды.

Шарияттын көрсөтмөлөрүнө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык Рамазан айы ушул жылдын 24-апрелинде башталат деген чечим кабыл алынды.

Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.