Токмок шаарындагы жардамга муктаж 140 үй-бүлөгө 117 500 сомдук азык-түлүк берилди


Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында учурдагы кырдаалга байланыштуу кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов билдирди.

Анын айтымында, мындай уюштурулган иш-чара «Биримдик Токмок» коомдук бирикмеси жана Токмок хатибиятынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен ишке ашып, аталган иш-чарага кайрымдуу жарандар да оор салымдарын кошушкан.

Иш-чара алкагында 117 500 сом чогулуп, ага күнүмдүк азык түлүктөр (ун, суу май, күрүч, шекер, чай, макарон, картошка) алынып, муктаж болгон 140 үй-бүлөгө таратылды.

«Мамлекетибиз бар, элибиз бар биз бактылуубуз. Сыноо, кыйынчылык булар болуп келген, боло берет. Бирок, биз биригип, муктаждарга жардам берип, бир эл болуп, бир мамлекет болуп балээни жеңип чыгышыбыз керек. Жардамга колун сунган ар бир мекендешибизге ыраазычылыгымды билдирем», — Имиржан ажы Касымов.