Нарын шаарындагы көзү азиз карыя жардам баштыгын алуудан баш тартып, жардамга муктаждарга берүүнү өтүндү

Нарын шаарынын тургуну Кубанычбек Сооронбаев Нарын казыятынын жардам баштыгын алуудан баштып башка муктаж адамдарга берилүүсү керек экендигин айтып, казыят кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Нарын облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен кайрымдуу, берешен адамдардын колдоосунун алкагында Нарын облусунун аймагындагы 600 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам баштыктары берилди.

Анын алкагында Нарын шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дагы берилген эле. Жардам баштыктарын таркатууда Нарын шаарынын тургуну, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген көзү азиз Кубанычбек Сооронбаев жардам баштыгын алуудан баш тыртып, учурда өзүндө жетиштүү азык-түлүк бар экенин билдирип, башка муктаж адамдарга берилүүсүн айтып кызыят кызматкерлерине батасын берди.

«Аллага шүгүр мындан 15 күн мурда, кечээ башка жарандар жардам баштыктарын беришти. Азырынча өзүмө, аялыма жетиштүү азык-түлүк бар. Менден башка жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө бериңиздер. Биздин көчөдө эле бир жумушсуз, кечээ эле балалуу болгон үй-бүлө бар. Мүмкүн болсо ошол үй-бүлөгө бериңиздер. Сиздерден Аллах ыраазы болсун, ишиңиздерге ийгилик жыроолосун»,- деди Кубанычбек Сооронбаев.