Кара-Сууда имамдардын демилгеси менен 900гө чукул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1700000 сомдон ашуун азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү (фото)

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн, Шарк, Савай,  Сарай жана Нариман айылдык аймактарында имамдардын демилгелери менен бир жуманын  ичинде аз камсыз болгон 900 гө чукул үй-бүлөлөргө 1700000 сомдон ашуун кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү.

Анда Кызыл-Кыштак айылдык аймагында 5 имамдын демилгеси менен 552,650 сом, Төлөйкөн айылдык аймагында 2 имамдын демилгеси менен 270,000 сом, Шарк айылдык аймагында 5 имамдын демилгеси менен 385,000 сом, Савай айылдык аймагында 2 имамдын демилгеси менен 175, 000 сом, Сарай айылдык аймагында 1 имамдын демилгеси менен 245,000 сом жана  Нариман айылдык аймагында 1 имамдын демилгеси менен  90,000 сом, жалпы 16 имамдын демилгеси менен   1,717,650 каражат топтолуп, кайрымдуулук үчүн сарпталды.

Азык-түлүктөрдөн ун, май, эт, макарон, күрүч, кум шекер, чай, туз, картошкө, сабиз жана пияз сатылып алынып, жеринде тапшырылды.

Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат жергиликтүү жамааттардан, ар кандай берешен инсандардан жана жергиликтүү фонддор тарабынан каржыланды.

«Садакада эбегейсиз чоң сооп бар. Бул туурасында Бакара сүрөсүнүн 274-аятында «Түнү-күнү (ар дайым) мал дүйнөсүн жашыруун жана ашкере түрдө садака кылган адамдар үчүн Роббисинин алдында сооптору бар. Аларга коркунуч да жок жана алар капа болушпайт» деп баяндайт. Айрыкча имамдарыбыздын жакшылыкта жарышып жатканы мени кубандырды», — деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Эскерте кетсек,  мындан бир канча күн мурун Кара-Сууда имамдын демилгеси менен 70 муктаж үй-бүлөгө 70 мүшөк ун таратылып, башкаларга өрнөк болгон. Мына ошол күндөн тарта кайрымдуулук иш-чаралары күн сайын көбөйүүдө.