Жалал-Абад областтык мусулмандар казыяты жана “Исар” кайрымдуулук фонду менен биргеликте 74 үй-бүлөөнү ун менен камсыз кылышты

Жалал-Абад облусунда Жалал-Абад областтык мусулмандар казыяты жана “Исар” кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон 74 үй-бүлөөнүн ар бирине бир мүшөктөн ун таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Тунгатаров Бакытбек ажы билдирди.

Анын айтымында, аталган кайрымдуулук иш-чарада жетим балдарга жардам көрсөтүү максатында уюштурулду. Анда Жалал-Абад шаарында жана Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука райондорунда уюштурулду.

 “Жетим балдарга камкордук кылуу бул эң чоң сооптуу амалдардын бири. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын хадисинде келген: “Жетим балага камкордук кылган адам бейиште сүйүтүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) менен бирге болуштугу айтылган” Элге кайрымдуулук жардамын көрсөткөн “Исар” кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылыгын билдирүү менен калкка өздүк гигиенаны сактоо жана үйдөн чыкпоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”,-деди Бакытбек ажы.

Кайрымдуулук иш-чаранын жалпы суммасы 132,367 сомду түздү.