Баткенде жардамга муктаж үй-бүлөлөргө имамдардын демилгеси менен тамак-аш азыктары таратылууда

Баткен районунун Зар-Таш айылында 5 үй-бүлөгө кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү. Кайрымдуулук жардамы Зар-Таш айыл башчысы жана айыл имамы тарабынан уюштурулду. Анда элге керектүү күнүмдүк тамак-аш азыктары берилди.

Ушул эле сыяктуу кайрымдуулук жардамы Сүлүктү шаарында дагы уюштурулуп, анда шаардык хатибият жеке ишкер менен биргеликте колу жука 22 үй-бүлөгө 100 000 сомго тамак-аш азыктарын жеринде таратып беришти.