Кара-Балта шаарындагы «Розу Карим» мечитинин тегерегиндеги жашоочуларга 31 миң сомдук жардам көрсөтүлдү


Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Розу Карим» мечитинин имамы Айдар Молдалиевтин демилгеси менен, аты аталган мечиттин тегерегинде жашаган муктаж үй-бүлөлөргө 31 миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

Иш-чара алкагында чогулган каражаттан 13 үй-бүлөгө 2 миң сомдон акчалай таратылып, дагы 4 үй-бүлөгө азык-түлүк менен жардам берилди. Жалпысынан 17 үй-бүлөгө 31 миң сом сарпталган.

«Жайыл хатибиятынын демилгеси менен райондогу мечиттердин имамдары кайрымдуулук иш-чараларын уюштурушууда. Колунда барлар өзүнүн тегерегиндеги муктаж үй-бүлөлөргө көнүл буруп, аз-көп дебей колдон келген жардамыбызды берип жана кыйналып тургандардын муктаждыгын чечүүгө арекет кылып, көмөк көрсөтүп турсак, бул кыйынчылыктан да чыгабыз», — деди мечиттин имамы Айдар Молдалиев.