Киргшелк айылынын тургундары айылдагы мүрзөнүн тегерегин темир тор менен тосуп чыгышты


Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылынын тургундары, айылдагы мүрзөнүн тегерегин толугу менен темир тор менен тосуп чыгышты.

Бул иш-чара айыл имамы Айтбай Пайшековтун демилгеси менен уюштурулуп, айыл тургундары өздөрү каражат топошкон.

Иш-чара алкагында 100 миң сомдон ашуун каражат топтолуп, ал каржатка темир тор алынган. Темир тор менен аянты 1 гектардан ашуун болгон мүрзө толугу менен тосулуп, дарбаза да орнотулду.
Иш-чараны айыл имамы, мечит жааматы жана айыл тургундары аягына чыгарышты.

«Адам баласы дүйнөдөн өткөндөн кийин да сый-урматка татыктуу. Ошондуктан, жакшылап жуулуп, ак кепинге оролуп, жаназа намазы окулуп анан жерге берилет. Динибизде кабырды тебелөө, ал жерди ыплас кылып булгоо – күнөө болуп саналат. Ошол себептен, айылдаштар болуп кеңешип, бул иш-чараны баштаганбыз. Бул ишке айылдаштарыбыздын бардыгы салымын кошту», — деди айыл имамы Айтбай Пайшеков.