«Имам аль-Бухарий-Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмоновдун демилгеси менен 36 үй-бүлөгө жардам баштыгы таратылды

Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери көптөгөн демөөрчү жигиттердин жардамы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилүүдө. Бул иш-чаранын Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий-Алай» мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов баш болуп уюштурууда.

Алар жалпысынан бүгүнкү күнгө карата жардамга муктаж 36 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратышкан.

Мындай соопчулук иштери Ош шаарындагы жалпы имамдар жергиликтүү жамаат менен биргеликте уюштуруу иштерин жүргүзүп жатышат.