Нарын казыяты тарабынан берилген жардам баштыктарына медицина кызматкерлери ыраазычылык билдирди

Нарын облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен кайрымдуу берешен адамдардын колдоосунун алкагында Нарын облусунун аймагында 600 үй-бүлөгө жардам баштыктары берилди.

Жардам баштыктарын Нарын облустук бириктирилген ооруканасында эмгектенген 16 кызматкерине дагы берилген. Аталган оорукананын кызматкерлери берилген жардам баштыктарына ыраазычылык билдиришти.

«Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын эмгек жамаатынын атынан ушундай кыйын кырдаалда коронавирус илдети менен күрөштө биринчи сапта күн, түн дебей өз өмүрүнүн коркунучуна карабай тобокелге салып иштеп жаткан медицина кызматкерлерине колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Жалпы кыргыз элине келген бул сыноо учурунда медкызматкерлер ар тараптуу колдоого муктаж. Сабр, биримдик жана ынтымак менен бул илдетти Кудай буйруса женебиз. Аллах Таала сиздерден ыраазы болсун»,- дешти дарыгерлер.