«Бир билек – бир тилек»: Жайыл районундагы муктаж 90 үй-бүлөгө азык түлүк тапшырылды


Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын «Бир билек – бир тилек» аттуу кайрымдуулук долбоору старт алды. Кыргызстндын аймагында жарыяланган өзгөчө кырдаалга байланыштуу муктаж жарандарга азык-түлүк таратылууда.

Бул жолкусунда долбоордун кызматкерлери Жайыл районундагы муктаж 90 үй-бүлөгө азык түлүк менен жардам көрсөтүштү.
Иш-чарага Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев катышып, кайрымдуулук кылган БДЖАсына ыраазычылыгын билгизип, ак батасын берди.

«Бардыгыбызга маалым болгондой эле Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы мамлекетибизде өтө көп иш-чараларды өткөрүшөт. Ушундай учурда да унутпастан, кайрымдуулук кылгандары үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Ишиңиздер алдыга жылып, ар дайым ийгилик коштоп, Кудайым колдой берсин», — Нурдан ажы Өмүралиев.

Эске сала кетсек БДЖА буга чейин Бишкек шаарындагы 2000 үй-бүлөгө азык-түлүк тараткан. Жалпысынан долбоор алкагында 4000 үй-бүлөгө жардам берилмекчи.