Баткен облусунан ажылык сапарга баруучу жарандар 31-июлда Ош-Медина багыты боюнча Сауд Арабиясына учуп кетишет

Баткен облусунан ажылык сапарга аттанган жарандар 31-июль саат 13:00дө Ош эл аралык аба майданынан Ош-Мадина багыты боюнча Сауд Арабиясынын Медина шаарына учуп кетишет. Болочок ажылар менен облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов жолугушуп, ажылык ибадаттын аткарылышы, ажылык амалды туура аткаруу жана ажы башчыларга баш ийүү, коопсуздук боюнча маалымат берип, облус казысы болочок ажыларды Баткен шаарынан Ош шаарына барууда кичи автобус менен баруунун сунуш кылды. Ал эми болочок ажылар облус казысынын сунушуна макул болушуп, узатуу иштерин Баткен шаарындагы “Нумани” борбордук мечитинде уюштуруп, андан ары жолго чыгышаарын айтышты.

Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп бармакчы. Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл,-деди облус казысы.

Эскерте кетсек, бул жылы  Баткен облусунан 592  жаран ажылык милдеттерин аткармакчы.