Медина шаарындагы болочок ажылар кыргыз элине салам жолдошту

Медина шаарындагы Кыргызстандык ажылар өздөрүнүн ибадаттарын аткарышып, Пагмамбарыбыз «САВ» тарабынан курулган эң алгачкы «Масжидул Куба» мечитин зыярат кылышып, «Масжидул Кыблатейн», Ухуд тоосунун тарыхы менен жеринде таанышууда.

Бишкек шаарынан Медина шаарына учуп келгенибизде ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү жогорку деңгээлде тосуп алышты. Мейманканага жайгашып алган соң ажыларыбыз менен бирге сүйүктүү Пайгамбарыбыздын «САВ» кабырын зыярат кылып, бүгүн ыйык жерлердин тарыхы менен тааныштырып келдик. Мадина шаарындагы болочок ажылардын атынан кыргыз элине салам айтабыз,-деди ажы башчы Салимбек Узеналиев.

Ал эми 25-июль күнү таңкы саат 7:00до Бишкек-Медина багыты боюнча  учуп кеткен ажылардын алгачкы тобу эртең 28-июлда ыйык Мекке шаарына сапар алмакчы.