Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Рамазан айы менен жалпы мусулмандарды куттуктады

Ассаламу алайкум ва рахматуллохи ва баракатух.

Урматтуу момун мусулмандар айлар султаны болгон Рамазан айынын келиши менен элибиздеги жерибиздеги бардык мусулмандарды куттуктаймын. Кудай Таала ушул рамазан келишинде элибизге бакыт дөөлөт,  ырыскы амандык, тынчтык, ден соолук берсин. Ар бир адамзатка сабырдуулук, кадырзаттуу, адеп ахлактуу, акыл парасаттуу, кайрымдуу, бири-бирине күйүмдүү мыкты сапаттарды берсин. Элибизди жаратылыштын кырсыгынан алыс кылсын. Коронавируска охшогон ар түрдү жугуштуу оорулардан сактап жана жалпы Кыргыз элин Кудай Таалам ачарчылыктан, жокчулуктан, зилзаладан, селден жана ар кандай жамандыктардан сактасын. Элибизге бактылылук дөөлөт касиет берсин, баардыбызга каниет, адеп ахлак насип этсин. Кудай Таалам момун мусулмандарга ар бир үйгө ырыскы, береке, бактылуулук берсин.

Урматтуу момун мусулмандар пайгамбарабыздын сөзү бар: «Ким Рамазан айында ишеним жана Аллахтан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет». Дагы бир хадис шарифтеринде Пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.В) мындай айткан: Рамазан айында бардык жаннат эшиктери ачылат. Кимдер үчүн? Эй момундар адептүү болуп, орозо туткандар үчүн. Ал эми тозок эшиктери үчүн кулуп салынат жана шайтандар кишенделет.

Ошол үчүн рамазан айында бейиш эшиктери ачылганда кур калбай соопту болушу үчүн баардыгыңыздарга орозону насип этсин. Албетте Кудай Таалам ден соолук берген адамдарга күч кубаты менен орозо кармашсын. Аллах Таала баардыңыздарга кут береке берген болсун. Тозоктон алыс кылып, жакшылыктардан насип этсин.

Ассаламу алайкум варахматуллохи вабаракатух.

Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев