Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов мекендештерибизди Рамазан айы менен куттуктады

Кадырлуу Кыргыз элим, урматтуу мусулмандар! Сиздерди Ыйык Рамазан айынын кирип келүүсү менен чын дилимден куттуктайм!

Жараткан Аллах Таала тагдырыбызга ушундай бактылуу күндөрдү жазган экен, айлардын султаны болгон, шайтандар кишенделген айды тосуп алдык. Пайгамбар (с.а.в.): «Кимде-ким ыйман келтирип, сообун Кудай Тааладан үмүт кылып орозо кармасы, анын муруңку күнөөлөрү кечирилет» — деп осуяттарында кабар берген.
Ыйык Рамазан айы жалпы мусулмандар үчүн Жараткандын кечиримин алууга, бейиште өзгөчө орозо кармоочулар үчүн дайындалган «Ар-Райян» бейишинен орун алууга мүмкүнчүлүк берген ай.

Бул айдын биринчи он күндүгү Жараткандын рахматы жаай турган, экинчи он күндүгү Жараткандын кечирими төгүлө турган, ал эми акыркы он күндүгү болсо алоолонгон тозок отунан куткарыла турган ай.

Бул Ыйык айдагы парз ибадаттар жетимиш эсеге көбөйүп, а нафил ибадаттар парз амалдар сымал соопту болот. Бул ай Ыйык Куран түшкөн ай. Ошондуктан, убактыбызды Куран менен өткөзөлү.
Аллах Таала хадис-кудсиде: «Адам баласынын орозодон башка амалдары өзү үчүн жасалат, орозо Мен үчүн жана анын сообун Өзүм берем»-деген. Демек, бүткүл ааламдын, бейиш жана тозоктун, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөндүн Падышасы «Сообун Өзүм берем» деп жатса, анда биз орозонун сообун элестете албайбыз.
Орозо – бул кайрымдуу болууга, күнөөдөн оолак болуп, напсини тарбиялоону үйрөтөт.

Бирок, күнөөлөрүбүз көбөйүп, үй-бүлөө баалуулуктарын унутуп, эркин жүрүүнүн кадырын билбеген себептүү, Кудай Таалам учурда башыбызга оор илдетти алып келди. Ошондуктан, ушул Ыйык айда тообо кылалы, үй-бүлөбүз менен убакыт көп өткөзөлү, бош убактан пайдаланып Куран окуп, намаз окуп, элибиз, жерибиз жалпы эле калайык калк үчүн бата тилейли.

Абал турукташканга чейин таравих намаздарын үй-бүлөбүз менен окуп, ооз ачууну бала-чакабыз менен ак дасторкондун үстүндө кылып туралы. Бул дүйнөдө бардыгы убактылуу, бул илдет да жакында кетет.
Урматтуу мусулмандар, кадырлуу кыргыз элим! Кудай Таалам ар бирибиздин туткан орозобузду кабыл кылып, кандай соопторду убада кылган болсо, ар бирин кемчиликсиз ыйгарган болсун! Мекенибизге тынчтык, ынтымак, токчулук берип, оору-сыркоодон алыс кылсын! Дагы бир ирет, Ыйык Рамазан айы кут болсун! Аман болуңуздар! Ас-салам алейкум ва рахматуллахи ва баракатух!