Ыйык Рамазан айынын киришине байланыштуу Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраевдин куттуктоосу

Нарын облустук мусулмандар казыятынын кызысы Мамбетасан Ибраев Ыйык Рамазан айынын киришине байланыштуу Нарын облусунун тургундарын жана кыргызстандыктарды куттуктады.

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху! Урматтуу кыргыз элим, жалпы кыргызстандык биртуугандар. Анын ичинде Нарын облусунун жашоочулары, тургундары. Сиздерди кирип келген Айлардын султаны Рамазан айы менен куттуктайм!

Рамазан айы менен бирге эле, Кудайым бизге ушул дүйнө жүзүнө келген таажы ылаңынан Кудайым өзү жалпы рамазан айынын урматы менен бизди оорудан куткарсын. Рамазан айында баарыбызды “башы он күндүк – мээримдүүлүк, ортодогу он күндүк – кечирим, акыркы он күндүк- тозоктон куткарат” демекчи Кудайым баарыбызга мээримдүүлүк, күнөөлөрүбүздү кечирип, мойнубуз тозокко татыктуу болуп калган болсо тозоктон куткаруучулардан кылсын.

Рамазан айында баардыгыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөрдө ынтымак, биримдик каалайм. кирип келген рамазан айында таажы ылаңына карата үйлөрдө таравих окуп, дуба кылып, китептерди окуп, көптөгөн жакшы жетишкендиктерге Кудай таалам жеткирүүсүн каалайм. Баардыгыңыздарды Кудайым буюрса эсен-аман Орозону толук кармап алышыңыздарга тилектешмин. Кийинки рамазан айын дагы Аллах Таала насип кылсын.