Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев кыргыз элин Рамазан айы менен куттуктады

Ассалааму алайкум ва рохматуллоохи ва барокаатух!

Урматтуу кыргыз элим, кадырлуу мусулман бир тууганым! Сиздерди кирип келген ыйык, берекелүү «Рамазан айы» менен чын дилимден куттуктаймын! «Рамазан айы өзү айтып тургандай берекенин, кечиримдүүлүктүн айы. Жараткан Аллах кереметтүү Куран китебинде «Эй ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган сыяктуу эле силерге да парз кылынды. Мүмкүн сактанаарсыңар» (Бакара 2/182) деп эскертет. Ошондой эле орозо кармоонун сооптору туурасында бир канча хадистерде баяндалып өтөт. Бир хадиси кутсийде «Орозо мен үчүн жана анын сообун өзүм берем» деп келет. Рамазан айы – бул өзүнүн напси менен өзү күрөшкөн ай. Бул айда кайрымдуулук садакаларын жасаса, эселеп сооп таба турган ай.  Ынтымакчлыкты, биримдикти бекемдеген ай. Пайгамбарыбыз бир хадисинде «Эгер бирөө сага жаман сөз сүйлөсө, ага жөн гана мен орозомун деп жооп кайтар» деп келет. Рамазан айы дал ушундай сылык мамиле аркылуу мусулман бир туугаңа жакшы мамиледе болууну буюрган ай.

Чындыгында Алла Таала Улуу Рамазан айында кылынуучу ибадаттар үчүн эселеп сооп берет. Ошондой эле тообо кылуучуларды кечирип, күнөөлөрдөн арылтат. Бул ай күнөөлөрдөн коргонуу максатында бизге берилген калкан сыяктуу. Бул калкан акырет күнүндө  дозок отунан коргосо, бул дүйнөдө күнөөлөрдөн коргойт.

Рамазан айында Жараткандын буйругу менен жер бетине периштелер түшкөн жана  миң айдан да артык болгон «Кадыр түнү» бар. Ыйык Куран китеби да вахий жолу менен жер жүзүнө дал ушул Рамазан айында түшкөн. Бул айда сүйүктүү Пайгамбарыбызга (с.а.в) Элчилик  милдети жүктөлгөн. Мына ошондуктан да Улуу Жаратууучу Рамазан айын «Он бир айдын султаны» деп атаса керек.

Кирип келген Рамазан айында Жараткан Аллах эл журтубузга ынтымакчылык, токчулук, кут, береке берсин. Ар кандай оору сыркоо, апааттардан жана ошондой эле дүйнөдө бир нече адамдардын кайтыш болуусуна себеп болгон таажы ылаңдан өзү куткарган болсун! Аллах Таала баарыбыздын инсандык кылып чоң-кичине, билип-билбей кылган  күнөөлөрүбүздү, кемчилдиктерибизди өзү кечирсин. Биз дагы кечиримдүү болуп, бири-бирибизди кечирип күнөөлөрдөн арылып, Жаратканга жалбаралы.  Сооптордон кур калбай муктаждарга жардам берип, берешендигибизди көргөзөлү. Журтубузга жакшылыктарды кылып, улуу соопторду табууну бардыгыбызга насип кылган болсун.  Элибизде аманчылык токчулук болсун! «Беш манжа бөлөк билек бир, беш адам бөлөк тилек бир» дегендей бардыгыбыз тилегибизди бир кылып, жалаң жакшы гана тилектерди кылалы. Аллах Таала мамлекетибизге тынчтык берсин, өлкөбүз алдыга карай өсүп-өнүгүп, гүлдөй берсин. Дайыма желегибиз көктө желбирей берсин!