Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев: «Орозо — сабырдын жарымы» бул айда сабырдуу болуубуз талап кылынат

Ассалааму алейкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мусулман бир туугандар!
Баарыңыздарга аманчылык, саламатчылык жана тынчтык тилөө менен бирге Ош шаарындагы мусулмандар атынан жана өзүмдүн, үй-бүлөмдүн атынан жалпыңыздарды Рамазан айыңыздар менен куттуктаймын.

Мына ошентип Рамазан айы дагы кирип келди. Рамазан айын үй-бүлөбүз менен чогуу Орозо кармап, Алла Таалага жалынып жалбарып ибадат кылуу менен өткөрүү баарызга насип этсин.

«Орозо — сабырдын жарымы» бул айда сабырдуу болуубуз талап кылынат.

«Ата журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир Уулуң чагылганга» деп аталарыбыз бекеринен айткан эмес. Бул күндөрү жетим-жесирлерге, кары-картаңдарга, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардамдар жүрөктөрдү жакшылык жана ыраазычылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготот.

Алла Таала бардык дуба, тилектерибизди кабыл алып, жалпыбызга өз берекесин жаадырсын!

Мамлекетибизде ар дайым тынчтык, ынтымак жана биримдик болсун!

Жалпы кыргызстандыктарга чың ден-соолук, ийгилик жана аманчылык каалайм!

Сиздерди терең урматтоо менен Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.