Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун куттуктоосу

Аллага чексиз шүгүрлөр, сүйүктүү пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болсун! Ассалааму алайкум урматтуу мусулман бир туугандар! Бизди кайрадан орозо айына жеткирген Алла Таалага мактоолор болсун!

Сиздерди жеке өзүмдүн атымдан жана Жалал-Абад облустук казыятынын атынан Ыйык Рамазан айы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Улуу Орозо айында кылган ар бир ибадаттарыныздарга Жараткан Эгем соопторун эселеп беришин умут кылам.

Мамлекетибизде ар дайым тынчтык болуп, таажы ылаңынан элибиз эсен-аман чыгып кетишин Жараткандан сурап дуба кылам. Улуу Орозо айынын шарапаты менен элибизде токчулук-молчулук болсун! Туткан орозоңуздар, берген кайыр-садаканыздар кабыл болсун! Сиздерди терең урматтоо менен Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров.