Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов: Рамазан айы сооп табуунун, акыретке иштөөнүн убагы

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов жалпы мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктоосу

Бисмиллахир-рохманир-рохиим! Ассаламу алейкум варахматуллохи ва баракатух!

Урматтуу кыргызстандыктар, жалпы момун мусулмандар! Сиздерди кирип келген Ыйык Рамазан айы менен чын ыкласым менен куттуктап кетем. Бул ай чындыгында мусулманар үчүн Аллах Таала тарабынан берилген чоң бир мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Бул жашоодо ар бир нерсенин убактысы болот. Мисалы эрте жаз келгенде эгин тигин, урук көчөттөрдү тигүүнүн мезгили, андан кийин жер-жашылчалардын мөмөсү байланган убак, төрт мезгилге жараша өзүнүн убагы болот. Дал ушул сыяктуу эле бул дүйнө акыреттин эгин талаасы болуп эсептелет.

Рамазан айында Аллах Таала сооптуу амалдарды бир нече эселеп сообун берет. Башкача айтканда Рамазан айы сооп табуунун, акыретке иштөөнүн убагы. Себеби башка айларда бир, он, жүз сооп бериле турган болсо, Рамазан айында ар бир амалга миң, он миң, жүз миң сооп берилет. Кадыр кечесинде жетише ала  турган соопту кадимки күндөрү сексен жылдан ашык жашап араң табууга болот.

Ошондуктан ушундай болгон мүмкүнчүлуктү колдон чыгарбай, колубуздан келген аракеттерди жасайлы. Эли жерибизге, мусулман бир туугандарыбызга дуа кылалы. Аны менен катар Рамазан айы Куран айы деп айтылат. Бул айда көп көп Куран окуйлу, жүрөктөрүбүз нурданган болсун. Шартка жараша баарыбыз үйдө болуп жатабыз. Андыктан бул да болсо Куран окууга берилген мүмкүнчүлүк деп Куран окууну бекемдейли. Андан ары башка айларда да окууну өнөкөт кылып алалы. Баарыңыздардын Ыйык Рамазан айыңыздар менен куттуктаймын. Бул ай жан дүйнөңүзгө байлык алып келген болсун!