Садака-фитирди MegaPay тиркемеси аркылуу үйүңдөн чыкпастан берсеңиз болот

Орозо айы кайрымдуулукка жана мээримдүүлүккө үндөгөн ай. Карантин маалында MegaCom абоненттери битир садага, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрүн MegaPay аркылуу төлөй алышат. Мындай жол менен төлөм жүргүзүүдө, албетте, өзүн обочолонтуу эрежелери, карантин тартиби сакталат!

Акча каражаттар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

Битир садаганы мобилдик капчыктын жардамы менен кантип төлөөгө болот?

  • MegaPay тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу;
  • «Кайрымдуулук» бөлүмүнө кирүү;
  • Битир садага, зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;
  • «Реквизиттер» сабына номериңизди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.