Эми садака-фитирди balance.kg тиркемеси аркылуу бере аласыз! Кантип дейсизби?

Мамлекет тарабынан жарыяланган өзгөчө абал маалында  beeline абоненттери садака-фитирди, зекетти жана башка кайрымдуулуктарды balance.kg тиркемеси  аркылуу үйдөн чыкпастан бере алышат.  

Акча каражаттары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

balance.kg тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алсаныз болот.

Ал үчүн сиз:

«Кайрымдуулук уюмдары» бөлүмүнө кирүү;

Зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;

«Реквизиттер» сабына номериңизди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.