Садака-фитирди өлкө аймагындагы бардык Pay24 терминалдарынан берсеңиз болот

Мамлекетибиздеги өзгөчө абалга байланыштуу жарандарыбыз республиканын бардык аймагындагы Pay24 терминалдары аркылуу садака-фитирди, зекетти жана башка кайрымдуулуктарды бере алышат.

Акча каражаттары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

Ал үчүн сиз:
Өз аймагыңыздагы Pay24 төлөм терминалдарына барып, «Кайрымдуулук» бөлүмүнө киресиз. Ал жерден сиз «Садака-фитир», «Зекет» же «Кайрымдуулук жетим балдарга» бөлүмүн тандап аласыз. Андан соң «Реквизиттер» сабына номериңизди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтөсүз.