КМДБнын Москвадагы өкүлчүлүгү тарабынан ооз ачаар баштыкчылары таратылды

Бүгүн, 21-майда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өлкүлчүлүгү тарабынан Улуу Рамазан айында ооз ачаар баштыкчылары таратылды. Бул туурасында өкүл Сүйүнбек ажы Жусубалиев билдирди.  

Анын айтымында, ооз ачаар баштыкчалары Москвадагы жардамга муктаж 74 мекендешге таратылып, берилди.

“Бакара сүрөсүнүн 134-аятында мындай дейт: «Жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-эхсан кылышат, ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллах эхсан кылуучуларды сүйөт»,-деди Сүйүнбек ажы Жусубалиев.