Коңур-Өлөң айылында 40 аз камсыз үй-бүлөгө жардам баштыктары таратылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын “Каракучкач” мечитинин имамы Жылкайдар Койчумановдун демилгеси менен Ыйык Рамазан айынын урматына аз камсыз үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтүлдү.  

«Демөөрчүлөр менен биргеликте, Рамазан айында жардамга муктаж бир туугандарыбызга жылуу маанай тартуулап, ооз ачарына тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүлдү. Кайрымдуу замандаштарыбыз менен биргеликте мындай соопчулук иштери жылына уюштурулуп келет»,- деди айыл имамы Жылкайдар Койчуманов.