![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/05/IMG-20200507-WA0057.jpg)
Ыйык Рамазан айынын урматына Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын имамы Улан Алымкуловдун демилгеси менен жетим-жесир үй-бүлөгө кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү.
Аталган айылдын тургуну Сүйүнбек Жапар уулу үй-бүлөсүнүн атынан, жардамга муктаж 10 үй-бүлөнү жашаган дареги боюнча кыдырып, алардын ар бирине 5 кг эт таратты.