Аалымдар Кеңеши: Рамазан айы ойлонууга, оңолууга, жаңыланууга, алдыга жылууга, өнүгүүгө жана агарууга чоң өбөлгө

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин коомчулукка кайрылуу жасады.

Кайрылуу толугу менен берилет.

Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен баштайбыз.
Алла Тааланын сүйүктүү Элчиси, мугалимибиз жана Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага салам жана салаваттарды айтабыз.
Кадырман калайык, урматтуу мусулман журтчулугу!

Момундарды кубанычка бөлөгөн жана жылдагыдан өзгөчө тосулуп жаткан касиеттүү Рамазан айы ойлонууга, оңолууга, жаңыланууга, алдыга жылууга, өнүгүүгө жана агарууга чоң өбөлгө болуп турат. Рамазан – улуу мектеп. Рамазан мектебине катталган болсок, кайра баштан жеке өзүбүздүн адамгерчилигибизди, ыйманыбызды, адеп-ахлагыбызды, сабырыбызды, уяттуулук жана ар-намысыбызды, ата-энебизге, чөйрөбүзгө, мекенибизге болгон сүйүүбүздү жана элибиздин келечегин ойдун таразасына тартып, кемтик жагын толтуруунун аракетин көрүү зарыл.

Чындыгында кыргыз коомчулугунда бизди артка тартып, өнүгүп-өсүүгө жолтоо болуп жаткан көптөгөн кемчиликтерибиз бар. Эгер бир адам бийик тоого же узак жолго жөнөп жаткан болсо, куржунундагы ашыкча же пайдасыз жүктү таштап, анан сапарга аттануусу керек. Болбосо узак жолдо чаалыгып күчүн жоготот же көздөгөн жерине жетпей жолдо сөөгү сөпөт болот. Анын сыңарындай, турмушта пайдасынан зыяны көп үйүттөрдү, салт-санааларды, ырым-жырымдарды жана ашыкча чыгымдарды, жалпы жонунан ысырапчылыкты мойнубузга жүк кылып алдык. Натыйжада өнүгүүдөн, илим-билимден артта калдык. Өлкө боюнча алганда миллиарддаган долларларды чапчыган ашыкча чыгымдар менен ар түрдүү тойлор, юбилейлер, жана маркумду акыргы сапарга узатуудагы жөрөлгөлөр жана башка иш чаралар өткөрүлүп келүүдө. Ашыкча чыгымдар жөнүндөгү статистикалар маалымат булактарында байма-бай айтылып да, жазылып да елет.

Дүйнөдөгү өнүккөн жана тез өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө илим-билимде, интеллектте жана био-нано технологияда жарышып жаткан доордо, биздин коом куру намыска салып салтка, наркка сыйбас ырым-жырымдарга жана ысырапкерчиликке ыктаганы өтө кейиштүү. Биз ушул өлкөнүн жараны жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши катары ысырапкерчиликтин бардык түрүнө каршыбыз жана элибизди ысырапкерчиликти токтотууга чакырабыз. Бул маселеге байланыштуу «жөнгө салуучу тиешелүү мыйзамдык нормалардын, эреже тартиптердин иштелип чыгуусу, учурдун талабы»,- деген көз караштабыз.

Албетте, бул кайрылууга кошулбаган ой пикирлер болушу мүмкүн. Кандай болгондо да, ысырапкерчилик бул – руханий-ыймандык жана материалдык өнүгүп өсүүнү артка тарткан жараян экени талашсыз. Кереметтүү Курандын Аараф сүрөсүнүн 31-аятында: «Жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла. Анткени Алла Таала ысырап кылуучуларды жакшы көрбөйт» -деп буюруп жатат. Ал эми Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алейхи васаллам) куттуу хадисинде мындай деген: «Текебердикке алдырбастан жана ысырап кылбастан жегиле, садака бергиле жана кийингиле!» (Насаи, Зекет 66).
Айтор, Ислам дини элдин жонунан кайыш тилген, калкты жакырчылыкка жетелеген, ынтымакка доо кетирген, адамдын ден-соолугуна жана психологиясына зыянын тийгизген ысырапкерчиликке, пайдасыз адаттарга каршы. Ошондой эле коомдук түшүнүккө мусулманчылыктын буйругу катары сиңип калган жосунсуз ырым-жырымдардын Ислам динине (салттуу багытына) жана анын максатына эч кандай тиешеси жок экендигин белгилеп кетүү зарыл. Ал эми ынтымакка, биримдикке, мекенди сүйүүгө, өнүгүүгө жана эмгекчилдикке үндөгөн, жакшылыкка өбөлгө болгон салт-санаалар динибиздин (Ханафий мазхабында) да таянар далилдери болуп саналат.

Таажы ылаңынан улам тыюу менен чектөөгө аргасыздан моюун сунуп отуруп калдык. Аныгында ден-соолук, үй-бүлөлүк, адеп-ахлактык, психологиялык, укуктук-маданий, социалдык жана экономикалык, жалпылап айтканда дүйнө жана акыреттик өңүттөрдөн адамзатка пайда алып келгендиги үчүн Алла Таала Ислам дини аркылуу көптөгөн тыюуларды жана чектөөлөрдү койгон. Мындай пайдалуу эрежелер жана тыюулар кыргыз элинин салт-санаасында да көп кездешет. Нечен кылымдардан бери жок болуп кетпестен, тарыхтан өз ордубузда таап, өз жерибизде, өз желегибизди желбиретип бүгүнкү күнгө жетишибиздин негизги себеби улуттук дөөлөттөрүбүз жана улуу динибиз экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

Инсандык интеллектти өстүрүү, илим-билимди жогорулатуу жана элге, адамзатка пайдалуу иштерди жасоо Ислам динибиздин да башкы урааны. Исламдык адепте: «Бир күнү экинчи күнүнө окшош болгон инсан зыянда», — деген принцип бар. Түшүнгөн инсанга бул эреже мусулман пенде ар тараптуу өнүгүүнүн үстүндө тынымсыз иштөөсү керек, эң сапаттуу билимди жана эң жакшы кесипти алуусу керек, журтунун керегине жараган, чөйрөсүнө күйүмдүү жана кайрымдуу болуусу керек дегенди туюнтат.

Кыргызстан мусулмандарынын Диний Башкармалыгы тарабынан ар кандай аш-тойлордо ысыракерчиликке жол бербөө боюнча үгүт-насааттар жүргүзүлүп, өлүм-житимдеги чыгашаларды азайтуу боюнча фатвалар чыгарылып, диний кызматкерлер жана молдолор тарабынан калкка жарыя кылынганына карабастан ысырапчылык дале уланууда. Атаандашуулардын айынан көптөгөн жагымсыз иштер болгонуна карабай ысырапчылык токтобой келет. Бүгүнкү күндө бул жаатта жалпы элге иштей турган жана мамлекеттин адилеттүү күчүн сездире турган мыйзамга муктаждык туулуп турат.

Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу мусулман бир туугандар!

Алла Тааланын эскертүүсү төбөбүздө турат. Пейилди оңдойлу, куру намысты таштайлы! Ысырапчылыктан, пайдасыз адаттардан арылалы! Акыреттеги суракты да ойлонолу! Алла Тааладан берилген аманат өмүрдү, ден-соолукту, акыл-эсти жана мал-мүлктү ысырап кылбай, максаттуу пайдаланалы! Бул байлыктарыбызды Алла Таала ыраазы боло турган нерселерге жумшайлы! Жакшылыкта, кайрымдуулукта, ак эмгекте жана билим алууда жарышалы! Орозоңуздар кабыл болсун!

Терең урматтоо менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешини жалпы мүчөлөрү:
1. Абибилла Кадырбердиев – АКнин төрагасы
2. Ниязали Арипов – АКнин төрагасынын орун басары
3. Фархат Юсупов – АКнин төрагасынын орун басары
4. Кимсанбай Абдырахманов – АКнин мүчөсү
5. Мамасабыр Досболов – АКнин мүчөсү
6. Надыр Асомудинов – АКнин мүчөсү
7. Ашыр Көчкөнбаев – АКнин мүчөсү
8. Абдиманап Масалиев – АКнин мүчөсү
9. Сайдамир Джейналиев – АКнин мүчөсү
10.Анасхан Ташхужаев – АКнин мүчөсү
11.Абдишүкүр Нарматов – АКнин мүчөсү
12. Жакшылык Борочоров – АКнин мүчөсү
13. Кадыр Маликов – АКнин мүчөсү
14. Тажидин Байтеитов – АКнин мүчөсү
15. Чубак Жалилов – АКнин мүчөсү
16. Марс Ибраев – АКнин мүчөсү
17. Жигитали Исмаилов – АКнин мүчөсү
18. Кабылбек Акматов – АКнин мүчөсү
19. Кенжетай Курманкожоев – АКнин мүчөсү
20. Абдималик Турсунбеков – АКнин мүчөсү
21. Бактыяр Токтогазы уулу – АКнин мүчөсү