Манас районунун Пакровка айылында Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгы эскерилди

Талас облусуна караштуу Манас районунун борбору Покровка айылындагы Жеңиш паркында Улуу Ата Мекендик согуштаг Жеңиш күнүнүн 75 жылдыкка карата эскерүү митинги болуп өттү. Ага Пакровка айыл аймагында чакан адамдардын катышуусунда өттү.  

Аталган иш-чарага райондун акими Б. Дүйшөбаев жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, аскер комиссариятынын өкүлдөрү катышышты.

Алгач райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Куран түшүрүп сообун согушта курман болушкан аталардын арбагына багышталды.

“Согушта курман болгон, арабызда жашап жаткан аталардын эрдигин унутпоо адымдык парзыбыз. Карантин болбогондо баардык жер – жерлерде чоң салтанат болмок. Тилекке каршы учурдагы абал баарыбыз түшүнүп турабыз”, —  деди Манас районунун баш имам хатиби  Миржалал ажы Дадабаев.