Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов туугандары менен биргеликте кайрымдуулук иш-чараcын улантууда


Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов өзүнүн туугандары менен биргеликте, Токмоктогу № 2-психоневрологиялык Социалдык стационардык мекемесинде дарыланып жаткан жарандарга жардам баштыкчаларын таратышты.

Бул кайрымдуулук иш-чара алкагында жалпысынан 50 миң сомду түзгөн 210 баштыкча таратылып, баш имам Имиржан ажы Касымов аты аталган мекеменин жалпы жааматына батасын берди.

«Үйүбүздөн бирөө сыркоолоп калса, канчалык кыйынчылык тартабыз. Бул жерде болсо көп нерсени өз алдынча аткара албаган жарандарыбыз дарыланышат. Ушундай кыйын учурда аларды карап жаткан эже-карындаштарыбызга ыраазычылыгымды билдирем. Кудай Таала эки дүйнөдө Өзүнөн башка эч кимге, эч нерсеге муктаж кылбасын», — деди Имиржан ажы Касымов.

Эске сала кетсек, бир канча убакыт мурда Имиржан ажы Касымов туугандары менен биргеликте 150 үй-бүлөгө 170 миң сомдук азык-түлүк менен жардам көрсөткөн.