Токмок шаарынын «Шакирхан Төрө» мечитинин жааматы 200 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратышты


Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын «Шакирхан Төрө» мечитинин жааматы, шаар ичиндеги муктаж 200 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратышты. Бул тууралу шаардын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов маалымдады.

Маалыматка ылайык, таратылган ар бир баштыкчада 600 сомдун тегерегинде азык-түлүк салынган. Жалпысынан 120 миң сомдон ашуун каражат жумшалды. Бул каражат Токмок хатибияты жана «Шакирхан Төрө» мечитинин жааматы тарабынан топтолгон.

«Ыйык Рамазан айы бул кайрымдуулук кыла турган, сооп топтоп, алоолонгон тозок отунан куткаруу ала турган ай. Бул айда аткарылган сооп иш эселенип көбөйөт. Мына ушул убада кылынган соопторго ээ бололу деп, Токмок хатибияты «Шакирхан Төрө» мечитинин жааматы менен биргеликте иш-чараны уюштурдук. Салым кошкон ар бир мекендешибизге Аллах Өзү убада кылган жакшылыктарын эч кемитпестен насип кылган болсун», — Имиржан ажы Касымов.