Кара-Балта шаарындагы «Достук» мечитинин жааматы муктаж 235 үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирип берди

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Достук» мечитинин жааматы, шаар ичиндеги муктаж 235 үй-бүлөгө күнүмдүк зарыл болгон азык-түлүк менен жардам беришти. Иш-чара алкагында жалпысынан 259 500 сомго азык-түлүк алынган. Бул тууралу «Достук» мечитинин имамы Хасан ажы Рахимов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абал жарыялагандан бери «Достук» мечитинин жааматы муктаж 400дөн ашуун үй-бүлөгө жардам көрсөтүшкөн.

«Мамлекетибизде өзгөчө абал жарыялангандан бери жаамат менен биргеликте кайрымдуулук иштерин жасап келе жатабыз. Жалпысынан Кара-Балта шаары боюнча 400дөн ашуун үй-бүлөгө жардам көрсөттүк. Буюрса келечекте дагы кыла бермекчибиз. Анткени, риваяттарда сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (с.а.в) сыпаттары тууралу мындай деп кабарланат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в) мээримдүү эле. Рамазан айы келгенде мээримдүүлүгү андан дагы артчуу эле». Демек, Рамазан айы бул мээримдүүлүк жана кечиримдүүлүктүн айы. Бул жолкусунда 200 үй-бүлөгө 1000 сомдук жана 35 үй-бүлөгө 1700 сомдук азык-түлүк таратылды», — Хасан ажы Рахимов.