Таласта Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 9 – май күнү Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата учурдагы абалга байланыштуу Талас шаарында эчкерүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Талас шаарынын мэри Айдар Джусупбеков, Талас облус казысы Бапиев Таалай ажы Талас шаардык ардагерлер төрөгасы Мүнүр Мамбеталиев катышып, ардагерлердин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлердин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.

Алгач облус казысы Бапиев Таалай ажы кан майдандан каза тапкан баатырлардын эрдигине багыштап Куран окуду.

“Бизге жеңишти алып келген Аталарга терең таазим кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, оруктагы эмгектендерди жеңиштин 75 жылдык майрамы менен куттуктайм. Улуу рамазан айына туш келген жеңиш күн баарыбызга танчтыкты кут, береке алып келген жылдардан болсун”, – деди Талас облус казысы Бапиев Таалай ажы.